Аймак аралык кастыкты козуткандар мыйзам чегинде кылмыш жообуна тартылат

637

Аймак аралык кастыкты козуткан жана башка чагымчыл материалдарды тараткан адамдар мыйзам чегинде кылмыш жообуна тартылат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети эскертүү таратып, анда акыркы күндөрү интернеттеги социалдык түйүндөрдө ушундай мүнөздөгү чагымчыл материалдар тарап жатканы, алардын максаты өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутуу экени белгиленет.

«Ушуга байланыштуу УКМК аймак аралык кастыкты козуткан материалдарды жасап, жайылтууга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам издөө иштерин жүргүзүп жатат» — деп айтылат атайын кызматтын тараткан билдирүүсүндө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.