Аймак жана улут аралык кастыкты козуткан билдирүүлөр иликтенүүдө

879

Улуттук коопсуздук комитети интернеттеги социалдык тармактарда аймак жана улут аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү иликтеп жатат.

Мекеме тараткан маалыматта Кылмыш кодексинин 313-беренесине ылайык, «расалык, улут аралык, диний, аймактык кастыкты козутуу үчүн» 5 жылдан 7,5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганы эске салынган. Ушундай эле эскертүү Ички иштер министрлиги тарабынан да берилди.

Мекеме жарандарга ар кандай терс мүнөздөгү видео жана аудио билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууну чакырып, мындай көрүнүштөргө күбө болгондорду 102 телефону аркылуу билдирүүсүн өтүнүүдө.

Белгилей кетсек, акыркы күндөрү бир катар социалдык сайттарда аймак жана улут аралык кастыкты козуткан «фейк акаунттар» активдешкени байкалууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.