Аймактарда банктык тейлөө жакшырууда (видео)

810

Өлкөнүн аймактарында банктык кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшырууда. Заманбап жабдуулар, акыркы үлгүдөгү эмеректер жана жогорку сапаттагы тейлөө. “Кыргызстан” коммерциялык банкы өлкөнүн аймактарындагы өз филиалдарынын сапатын жогорку деңгээлге чыгарып жатат. Кезектеги жаңылануу иштери өлкөнүн түштүк аймактарында жана Токмок шаарында аяктады. Анда банктын филиалдарында чоң өзгөрүү болуп имараттардын ичи-тышы толугу менен жаңыланды.