Аймактардагы базарларда абал кандай? (видео)

1383

Жаңы типтеги вирустун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өлкө аймагындагы бир катар базарлар белгисиз мөөнөткө жабылууда. Алсак, Баткен областында тамак аш, кийим-кечек, мал саткан үч базар жабылды. Мындан сырткары, Ош, Талас, Ысык-Көл аймактарында да мал базарга чыгууга тыюу салынды. Алардын барында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт.

Ал эми өлкөнүн жер-жерлеринде азык-түлүк, кийим-кечек саткан базар, соода-түйүндөрү демейдегидей эле иштеп жатышат. Тийиштүү мекемелер билдиргендей, өлкөнүн жети область тең тамак-аш менен жетиштүү көлөмдө камсыздалып, биринчи керектөөдөгү азык-түлүктөргө бирдей баа коюлган.