Аймактарды өнүктүрүү — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты (видео)

1866

Калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртып, алыскы аймактардын жашоочуларына керектүү шарт түзүп берүү — башкы максат. «Бул аракеттер «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын» алкагында ишке ашуусу күтүлүүдө», — дешет адистер. Учурда пилоттук негизде иштеп жаткан “Түндүк” системасын толугу менен ишке киргизип, мамлекеттик органдар ортосундагы карым-катнашты жакшыртуу аракеттери көрүлүп жатат.

Белгилей кетсек, мамлекет башчысы Чүй областынын Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда 2019-жылды «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялай турганын айткан. Анда аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берери да белгиленген.