Теңсиздик: мугалим менен депутаттар үчүн түзүлгөн шарттар (видео)

819

Бүгүнкү күнү өлкөдө 78 миңге жакын агартуучу бар. Өлкө эгемен алгандан бери 28 жыл ичинде окуучулардын саны 25 пайызга көбөйсө, мугалимдердин саны 11 пайызга гана өсүптүр. Бул деген кадр тартыш дегенден кабар берет. Тажрыйбалуу, билимдүү агай-эжейлердин көбү ардактуу эс алууга чыкты, жашыраактары маянанын аздыгынан жеке иш ачып өз алдынча кетсе, дагы окунучтуусу колунда диплому бар мугалимдер чет өлкөлөрдө кара жумушта иштеп жүрүшөт.

Кыргызстанда агартуучулардын айлыктары акыркы жолу 2013-жылы жогорулаган. Ошондон бери быйыл, тагыраагы, ушул айдан тарта 30 пайызга көбөйүп жатат. Эми ноябрда сааты көп мугалимдердин капчыгы бир аз да болсо калыңдай түшөт.

Албетте, казынада акча көп болсо, агай-эжейлердин башынан ылдый алтын куйсак деле жарашат. Бирок ашыкча чыгымдарды кыскартып, теңсиздикти жойсок жолу табылчудай. НТС телеканалы материал даярдаганда маселенин экинчи жагын да алып, салыштырып, чоңдор менен жөнөкөй жумушчуларга, карапайым элге болгон мамиленин асман менен жердей экенин көрсөтүүгө аракет кылып келебиз.

Журналист Айбек Бийбосунов бул жолу бөбөктөргө “А” тамгасын үйрөткөндөн тарта, кесип ээси болгонго чейин бүт күч аракетин жумшаган агай-эжейлерибиз менен мыйзам чыгарып, саясат менен алектенген Жогорку Кеңештин депутаттарына түзүлгөн шарттарды салыштырып көрдү.