Аймактарды өнүктүрүү жылы: Нарында жылыштар барбы? (видео)

554

Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү өнөктүгүнүн экинчи жылы аяктап баратат. Албетте, элетти бутка тургузууга эки жыл жетпейт. Эмгекти сүйгөн элибизге жол көрсөтүп, айрым аткаминерлер ойлоп тапкан тоскоолдуктарды жоюп койсок эле өз киндигин өздөрү кесип, оокатын жасай беришет.

Айыл жерлеринде иштин көзүн билгендер жоктон бар кылып, эптештирип жатышат. Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында, таза суу маселесин чечүү, жумуш орундарын камсыз кылуу, жаңы бизнес ачам дегендерге салыктан жеңилдиктерди берүү, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу каралган.

Муну аткарыш үчүн бир эле мамлекеттин капчыгын карап отура берсек, иш ордунан жылбайт. НТС телеканалы аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган акыркы эки жылда элет жеринде кандай өзгөрүүлөр болгонуна кызыгып, областтарды кыдырууда.

Журналист Кайыр Жайлообекова Нарын дубанына барып, өз арабасын өзү түртүп жаткан жергиликтүү эл менен баарлашып алардын ийгиликтерин көрүп, чечилбей жаткан көйгөйлөрүн угуп келди.