Аймактарды өнүктүрүү жылы: Ош областы өнүгүп жатабы? (видео)

2501

Кыргызстанда айыл чарба кызматкерлеринин күнү белгиленди. Калкты жумуш менен камсыз кылып, экономикага чоң салым кошуп жаткан тармак азыр так ушул айыл чарбасы. Кыргызстан экологиялык таза продукцияларды өндүрүп, аны экспорттоо менен алдыга чыга ала турган дарамети бар. Бул үчүн дыйкандарга, малчыларга шарт түзүп берүү керек. Азыр аймактарда айыл чарба тармагынын ыгын таап алгандар, кооперативдерди түзүп, чакан ишканаларды ачып өз арабасын өзү түртүп жатат.

Региондорду өнүктүрүү өнөктүгүнүн алкагында, айылдарга бюджеттен ири суммадагы каражаттар бөлүнүп, кайра иштетүү ишканаларын куруу боюнча долбоорлор колдоо табууда. Элеттиктер эл эмгегин жер жебээрин жакшы түшүнүп калышты. Бирди эки кылып, чакан цех, заводдорду ачып, айылдаштарын иш менен камсыз кылып, өзү дагы киреше таап жаткан ишкерлер көбөйүүдө.