Аймактарды өнүктүрүү жылы. Талас областын өнүктүрүү аракеттери (видео)

4269

Быйыл Талас областында төө буурчактын түшүмү начар дешет дыйкандар. Учурда дубанда фасоль чогултуу иштери дагы деле уланууда. Бул жылы аймакта 57 миң гектар талаага төө буурчак айдалган. Түшүмдүн баасы жылдагыга салыштырмалуу жогору, азыр дыйкандардын колунан килограммын 60 сомго чейин алып кетип жатыптыр.

Таласта фасолду тазалап, таңгактаган завод ачылгандан бери элеттиктердин иши бир аз да болсо жеңилдеди. Аймактарды өнүктүрүү өнөктүгүнүн алкагында айыл чарба, туристтик жана женил-өнөр жай тармактары боюнча пландар бекитилип, республикалык бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнгөн. Жумалыктын буга чейинки чыгарылыштарында Нарын, Ысык-Көл областарындагы элдин турмушу тууралуу чагылдырсак, бул жолу журналисттер Талас областына барып келишти.