Аймактарды өнүктүрүү жылы: Ысык-Көл кандай ийгиликтерге жетишти? (видео)

689

Ушул окуядан кийин бөтөн жерде султан болгончо, өз элинде ултан бол деген сөз эске түшөт экен. Чет өлкөдө иштин көзүн таап, мекенине акча салып, үй-бүлөсүн багып жаткан жарандарыбызга Кыргызстандан чыккан кылмыштуу топтор күн көрсөтпөй, кысып жатат. Алыста карайлап жүргөн журтташтарыбызга жардам берүүнүн бир жолу мекенине кайтуусуна шарт түзүү. Бул үчүн иш орундарын ачып, бизнес жасайм дегендерге жол көрсөтүп берүү керек.

Антпесе, миграциянын агымын оңой менен токтото алчудай эмеспиз. Чет өлкөлөп кеткен айрым жарандарыбыз капитал топтоп, кичи мекенине кайтып, иш ачып өздөрү гана буттан турбастан, айыл апанын турмушун оңдогондор да бар. Аймактарды өнүктүрүү өнөктүгүнүн бирден бир максаты ушул болсо керек. Өткөнкү берүүдө убада кылгандай, биз ар бир областты кыдырып, айылдардын абалы тууралуу материал даярдоону улантып жатабыз.

Жумалыктын буга чейинки берүүсүндө Нарын областын көрсөтсөк, бул жолу Ысык-Көл дубанынан кабар алдык. Албетте, маселелер көп, сындай турчу иштер дагы бар. Ошол эле учурда, жергиликтүү элдин сыймыктанып көрсөтө турган жумуштарына дагы күбө болдук.