Айнектери караңгылатылган унаа айдоочуларына чара көрүлөт (видео)

870

Унаасынын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатып алган айдоочуларга кайрадан чара көрүлө баштады. Транспорт жана жолдор министрлиги менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы биргеликте рейд өткөрдү. Белгилей кетсек, жаңы эрежелерге ылайык, унаа терезелерин мыйзамсыз «тонировкалап» жургондорго айып пул кобойуп, аларга чара көрүү милдети транспорт инспекторлоруна жүктөлгөн.

Бирок аларга айдоочуларды токтотуу укугу берилбегендиктен, 20 күндөн бери бул мыйзамды бузгандар жоопкерчиликке тартылбай калган. Учурда өкмөт унааларынын айнектерин мыйзамсыз караңгылатып алгандарга чара көрүү милдетин кайрадан Ички иштер министрлигине өткөрүү аракетин көрүүдө.