«Air Манас» Бишкек-Ош багыты боюнча бүгүнкү каттамдарын токтотту

773

«Air Манас» авиакомпаниясынын Бишкек-Ош багыты боюнча каттамдары бүгүн дагы аткарылбайт. Транспорт жана жолдор маалыматына ылайык, буга чейин учакта техникалык мүчүлүштүктөр табылган.

Айтымдарында «Боинг» лайнерине керектелген жабдуу АКШда чыгарылат. Аны алып келүү үчүн бир топ күн кетет экен.

Жарандык авиациядан билдиришкендей, «Pegasus» компаниясынын кампасында учактын мүчүлүштүктөрүн оңдоо үчүн керектүү тетиктер жок. Мунун аркасынан 6 каттам үзгүлтүккө учурап отурат.

«Air Манас» компаниясынан кабарлашкандай, 11-октябрга билет алгандарга СМС билдирүү жөнөтүлгөн. Ошондой эле, эртелеп билет алып алган жүргүнчүлөргө акчасы кайтарылат. Буга чейин аталган компания 9-10-октябрдагы каттамдарын токтотуп, ал техникалык себептерге байланыштуу экени айтылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.