Айрым аймактарга кайрадан катаал чаралар киргизилди (видео)

5164

Акыркы бир сутка аралыгында жаңы типтеги вирустан бир бейтап каза таап, ал учур Ош областында катталды. Ал арада айрым аймактарда эпидкырдаал курчуп жаткандыктан кошумча чектөөлөр кабыл алына баштады. Баткенде областтар жана райондор аралык коомдук транспорттун каттамы, мал базарлардын иши, мечиттерде жамаат менен жума намаздарын окуу убактылуу токтотулду.

Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары аймакка тапшырган ПЧР-тесттери таза чыкса гана киргизилет. Ош аймагында да көзөмөл күчөтүлсө, борбор калаада тез жардам кызматына кайрылгандар арбыганы белгилүү болду. Учурда өлкөдө эпидемиологиялык абал кандай?