Айрым аткаминерлердин бай-манаптык адаттары (видео)

710

Борбордон барган чоң жетекчилерди жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кымбат унааларды ижарага алып тосуп алышат. Каражаты жок болсо да ханча дасторкон жайып кафе-ресторандарга карыз болуп калышат. Бул адатты токтотуу керек, дешет Жогорку Кеңештин депутаттары.

Жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземинен кийин президент Сооронбай Жээнбеков айрым атка минерлердин жүрүм-турумун сынга алып, жогорку кызматтагылар өздөрүнүн берген антын унутпай жүрүүгө чакырды. Айрым чоң жетекчилердин талаптары чынында эле бай-манаптардын жоруктарына окшоп жатабы? Же жергиликтүү аткаминерлер өздөрү ашкере кошомат кылышуудабы?