Айрым бейтаптар гемодиализдин сапатына нааразы (видео)

1193

Бөйрөктүн өнөкөт оорусунан жабырган жарандар саламаттыкты сактоо министрине кайрылышты. Гемодиализден арылбаган бейтаптардын айтымында, айрым жеке медициналык борборлор сапаты күмөн жараткан дары-дармектерди негизсиз жазып берип, акча тапканы аз келгенсип, алардан кетип башка мекемелерге дарыланууга да мүмкүн болбой жатат.

Буга учурунда тиешелүү министрлик менен түзүлгөн келишим себеп экен. Нааразы тарап менен министр өзү жолугуп, маселени кийинки жумага чейин чечээрин белгиледи. Ал арада бөйрөк оорусуна чалдыккан айрым бейтаптардын абалы оорлоп барууда. Пандемиядан бери эле 15 адам бул илдеттен каза тапкан.