Айрым депутат, министрлер ашкере байлык үчүн салык төлөөгө даяр (видео)

10528

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана кээ бир министрлер ашкере байлык үчүн салык төлөөгө даяр. Эгер демилге ишке ашса, үйүнүн аянты 150 чарчы метрден ашкандар жана унаасынын кыймылдаткычынын көлөмү 3 литрден жогору болгондор мамлекетке салык төлөй башташы мүмкүн.

Ал эми банктагы эсеби жана башка байлыгы барлар дагы бул тизмеге кошулабы азырынча белгисиз. Депутаттар бул боюнча документ иштеп чыгуу үчүн Экономика министрлигине тапшырма беришти. Байларга салык салуу менен бюджетти жарым миллиард сомго толтурса болот экен.