Айрым мектептерде билим алгандардын саны 6 эсеге көп (видео)

860

Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй областында мектептер менен балдар бакчаларына болгон муктаждык чоң. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү айтышууда. Адистердин пикиринде, учурда ата-энелер сапаттуу билимге басым жасап жатышат. Мындан улам, жакшы мектеп жашаган жеринен алыс болсо дагы балдарын окутушууда. Мындай учурларда күчтүү мектептерде балдардын саны өтө эле болсо, айрым мектептерде окуучулардын саны аз. Андан тышкары, чоң шаарларда жаңы конуштардын көбөйүшү шаар четинде мектептер менен балдар бакчаларына болгон суроо талап жыл сайын өсүп жатат.