Айрым талапкерлердин алдыга озуп кетүүсүнүн сыры эмнеде? (видео)

1552

Шайлоонун жүрүшүндөгү «бактылуу сандар». Учурда айрым талапкерлерге карата дал ушундай сыпаттама айтыла баштады. Себеби алдын-ала эсептөөлөр боюнча бюллетендеги партиялардын катар саны менен номерлери дал келген талапкерлер бардык партиялаштарынын ичинен эң көп добушка ээ болушкан. Алардын ичинде калк арасында анчейин тааныла бербеген, эч жерде иштебеген, жумушсуз талапкерлер да бар экен.

Адистердин айтымында, мындай көрүнүшкө Боршайкомдун жеткиликтүү деңгээлде түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөнү жана көпчүлүк талапкерлердин үгүт маалында программасын калың журтка жеткирүүдө чабал аракет кылганы себеп болду. Айрым талапкерлердин алдыга озуп кетүүсүнүн сыры эмнеде болду?