Айрым үй-бүлөлөрдүн киреше булагына айланган сүмөлөк (видео)

1426

Нооруз майрамын утурлай базарда сүмөлөк саткандар көбөйдү. Акыркы жылдары бул татым айрым үй-бүлөлөрдүн киреше булагына айланды. Бирок бул бизнес менен жыл бою эмес, бир ай гана алектенууго болот.

Учурда Бишкектеги базарларда сүмөлөктүн бир литри 250 сомдон сатылууда. Аны даярдоо дагы көп машакатты талап кылат. Бардык эрежени аткарып, чыныгы сүмөлөктү жасоого 7 күн кетет.