Айт намаз өткөрүүгө тыюу салынды (видео)

1239

Коронавируска байланыштуу быйыл дагы борбор калаада айт намазы окулбай калышы мүмкүн. Бул боюнча Бишкек санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору муфтиятка сунуш жөнөттү. Акыркы чечимди Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы кабыл алат. Кызыл зонага кирген Чүй областында дагы орозо айт намазын окууга тыюу салынды.

Бишкек менен аталган дубанда эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Күн сайын адам өлүмдөрү катталып жатат. Ал эми эмдөө алгандардын саны өлкө боюнча 43 миңге чукулдады. Бүгүн Бишкекте препарат түгөнүп калгандыктан, “Спутник ВИ” вакцинасы менен эмдөө токтоп калганы кабарланган. Кечке маал аталган вакцинанын экинчи партиясы келгени белгилүү болду.