Айтматов форуму кайрада Ысык-Көлдө чогулат (видео)

1176

Үчүнчү эл аралык Ысык-Көл форумуна катышуучулардын 90 пайызы келип бүттү. Бишкекте анын алгачкы күнү башталат. Андан соң, Ысык-Көл областында ишин улантат. Ири иш-чарага 25 мамлекеттен 160тан ашуун адам катышаары күтүлүүдө.

Иш-чара «Чыңгыз Айтматов жана замандын чакырыктары» деп аталып, 3 бөлүктөн турат. Ага дүйнөгө белгилүү кинорежиссер Эмир Кустурица, Никита Михалков, Борбор Азиянын сыймыгы — казак акыны, жазуучусу, адабиятчысы — Олжас Сулейменов, Мухтар Шаханов сыяктуу залкар инсандар келээри айтылууда.