«Айтматов жана доор чакырыктары» эл аралык Ысык-Көл форуму ишин баштады

1863

Бишкекте «Айтматов жана доор чакырыктары» аталышындагы эл аралык форум өз ишин баштады. «Ала-Арча» резиденциясында ачылышы болуп, ага президент Сооронбай Жээнбеков катышып сөз сүйлөдү. Форумга Кыргызстандын илимий, маданий интеллигенция өкүлдөрү, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жакындары келишти. Ошондой эле, Казакстан, Кытай, Түркия жана Кореядан жазуучу, илимпоздор катышууда.

Бишкекте ачылган форум 7-октябрга чейин Ысык-Көлдө улантылат. Анда Айтматовдун чыгармачылыгы, экологиялык чөйрө жана коопсуздук, азыркы дүйнөдөгү маданий өзгөчөлүктөр тууралуу талкуулар болот.

Ысык-Кол форумун өткөрүүнү 1986-жылы Чыңгыз Айтматов демилгелеп, анда 17 интеллектуалдын катышуусунда жыйын өткөн. Президент Сооронбай Жээнбековдун айтымында, кыргыз элинин даанышман уулу Чыңгыз Айтматов демилгелеген «Ысык-Көл форуму» дүйнөлүк аренада түзүлгөн ошол мезгилдин чакырыктарына жаңыча жооп сунуштаган.

“Маселени чечүү жолдору экономикада, технологияда же саясатта эмес, адамдардын аң-сезимин өзгөртүүдө экенин ырастаган. Цивилизациялык, улуттук айырмачылыктарына карабай, бирдиктүү аракеттеннүү жана жаңыча ойлонуу менен гана адамзат өзүн сактап каларын тастыктаган», деди өлкө башчысы.