Айтматовдун каармандары куурчак театрында (видео)

728

Муса Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театры Россияда өткөн Эл аралык фестивалдан абройлуу сыйлыкка ээ болуп кайтты. Иш-чара Москва шаарындагы Сергей Образцов атындагы куурчак театрында өтүп, ага 12 өлкөнүн театрлары катышкан. Фестивалда Кыргызстандын атынан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынан алынган «Найман эне» спектакли коюлган.

Театрдын жетекчилиги билдиргендей, бул чыгарма өзүнүн терең мааниси менен өзгөчөлөнөт. Ал адам баласынын оң жана терс сапаттарын чагылдырып, келечек муунга таалим-тарбиялык жагынан өтө таасирдүү чыгарма, дешет спектаклдин авторлору.