Айтматовдун мааракеси Таласта белгиленди (видео)

781

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси, өткөн жумада Талас жергесинде белгиленди. Манас ордо комплексине 100го жакын боз үй тигилген. Жазуучунун урматына өткөрүлгөн тойдун чыгымын жергиликтүү эл өзү көтөрүп, ага 7 миллион сомго жакын каражат сарпталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө ар түрдүү улуттук оюн-зооктор уюштурулуп, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде чакан спектаклдер коюлду. 90 жылдык маарекеге Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, жазуучунун үй-бүлөөсү жана жергиликтүү тургундар күбө болду.