Айтматовдун туулган күнүнө аткаминерлер келген жок (видео)

864

Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов бүгүн 89 жашка чыкмак. Ал мындан 9 жыл мурда 80 жылдык мааракесин белгилөөгө даярдык көрүлүп жаткан жылы дүйнө салган эле. Бүгүн Айтматовдун туулган күнүнө карата Ата-Бейит мемориалдык комплексинде эскерүү болуп, куран окутулду. Ошондой эле, жазуучу өмүрүнүн акыркы жылдары жашап өткөн үй музейинде көргөзмө уюштурулуп студенттер, окуучулар жана чыгармачылыгын сыйлаган инсандар келишти. Ал эми Бишкектин борборундагы эстелигинин жанына гүлчамбарлар коюлду.