Айтматовго Саякбайдын батасы ийгилик алып келген (видео)

1031

Эртең заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Бул датага карата өлкөдө бир катар иш-чаралар өтөт. «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде жана Айтматовдун музейинде эскерүү кечелери болот. Ал эми Кыргыз драма театрында улуу жазуучунун «Саманчынын жолу» чыгармасынын негизинде коюлган спектакль көрсөтүлөт. Улуу жазуучунун чыгармалары аркылуу дүйнө эли тааныйт жана даңктайт. Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын делегаттары Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүлчамбар коюп кетишти. Ал эми Түрксой уюму келерки жылы жазуучунун 90 жылдыгына карата түрк тилдүү мамлекеттерде Айтматов жылы деп жарыялоо демилгесин көтөрүүдө.