Айтылуу “Ак кеме” кайрадан тартылат (видео)

2487

Айтматовдун айтылуу «Ак кеме» чыгармасы кайрадан жаңыланып тасмага тартылганы турат. Фильмди тартуу август айларында башталып, учурда даярдыктар көрүлүүдө. Легендага айланган көркөм тасманын кайрадан тартуу мүмкүнчүлүгү режиссер Артык Сүйүндүковго берилди. Анын айтымында, фильмдин мазмуну, идеясы өзгөрүүсүз калат. Ал эми тасманын айрым эпизоддорун Алтайда, Кеминде жана Нарында тартуу болжодонууда. Долбоор «Кыргызфильм» студиясы аркылуу каржыланып, ага 20 миллион сом бөлүнгөн. «Ак кеме» чыгармасы боюнча тартылып жаткан тасма анын залкар автору Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналат.