Айыбы угузулаары менен «ооруп» калган аткаминерлер (видео)

1432

Кызматтык кылмыштар боюнча шектелип кылмыш иши козголгондордун көпчүлүгү дароо эле сыркоолоп бейтапканага жатып, жоопкерчиликтен качуу аракеттери коррупцияга каршы күрөштү туруктуу негизде жүргүзүү зарыл экенин ырастайт. Ал эми жемкорлорду кылмыш жоопкерчилигине тартууну «саясий куугунтук», деген пикирлерди жокко чыгаруу үчүн соттор калыс жана көз карандысыз болуусу керек. Коррупция менен күрөш башталгандан бери күн-алыс аткаминерлерге кылмыш иштери козголгону кабарланып, көп өтпөй, ал аткаминер бейтапканага жатканы же чет өлкөгө чыгып кеткени тууралуу айтылып келет. Алардын мындай кадамына жол берген тергөөчүлөрдү жана дарыгерлерди да жоопкерчиликке тартуу керектиги айтылууда.