Айыккыс дартка кабылган балдарын бирге баккан энелер (видео)

785

Тагдырдын оор сыноосуна бирге турушутук берген энелер. Уулдары церебралдык шал оорусуна чалдыккан эки жалгыз бой эне бири-бирине жардамдашып, чогуу жашап келишет. Айыккыс дартка кабылган балдарын бирге багып, күнүмдүк жашоого акча табуу үчүн алар арзыбаган айлыкка оор жумушта иштеп, кезектешип жумушка чыгышат. Бирөө ишке кетсе, экинчиси балдарды карап турушу керек. Тубаса оорулуу, 11 жана 15 жаштагы балдар баса албагандыктан сыртка чыга алышпайт. Аларда атайын майыптар арабасы дагы жок. Мындан тышкары, эки балага тең дары-дармекке каражат жетишсиз болуп жатканын айтышууда. Учурда бир окуу жайдын жатаканасында жашап жаткан 2 үй-бүлө кайрымдуу адамдардын жардамына абдан муктаж.