Айыл-чарба министри Нурбек Мурашев кызматтан кетти

1449

Өкмөттүн курамы дагы өзгөрүүлөргө учурай турган болду. Жакында эле эң начар иштегени үчүн «Кара гөлөч» сыйлыгына ээ болгон айыл-чарба министри Нурбек Мурашев отставкага кетти. Анын арызын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кабыл алганы белгилүү болду.

Нурбек Мурашев кызматтан кетүүсү ден-соолугуна байланыштуу экенин, ошондой эле коомчулукта ага карата айтылып жаткан сындар себеп болгонун айтууда. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты айыл-чарба министрлигин 2017-жылдан тарта жетектеп, бирок бул убакыт аралыгында анын ишине нараазычылыктар көп эле айтылып келген.

Өзгөчө быйыл картошка көйгөйү жаралгандан кийин мекеме тарабынан туура эмес саясат жүргүзүлүп жатканын оркойтуп көрсөтүп койгондой болду. Азырынча Нурбек Мурашевдин ордуна айыл-чарба министрлигин жетектөөгө ким келе турганы айтыла элек.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.