Айыл чарба министрлиги быйыл картошканы көбүрөөк эгүүгө чакырат

2864

Айыл чарба министрлиги дыйкандарды быйыл картошканы көбүрөөк эгүүгө чакырат. Аны менен кошо, дарбыз, күрүч, пахта айдоо дагы пайдалуу, дешет адистер. Айрыкча өлкөнүн түштүк аймагында картошка өстүрүү кирешелүү болоору айтылууда. Анткени бул жылы Өзбекстан Кыргызстандан ири көлөмдө картошка алууну көздөп жатат.

Ал эми жалпысынан, Айыл чарба министрлигинин быйылкы сунуштамасы өткөн жылдардан көп деле айырмаланбайт. Алсак, Чүй областында адаттагыдай эле жүгөрү, кант кызылчасын жана буудай айдоо пайдалуураак.

Ал эми көлдүктөргө картошка, нарындыктарга чөп менен арпа, баткендиктерге күрүч, Жалал-Абад областындагыларга дарбыз, пахта, Таласка төө буурчак, пияз, Ошко жүгөрү, помидор өстүрүү сунушталат.