Айыл чарба министрлигинде 500 кызматкер кыскартылды (видео)

853

Айыл чарба министрлигинде иштегендердин 10 пайызы кыскартылууда. Ирилештирүүнүн алкагында, 516 кызматкер жумушсуз калганы турат. Муну менен жылына 36 миллион сом үнөмдөлөт деп пландалып жатат. Мындай маалымат КСДП фракциясы Айыл чарба министрлигинин ишин катуу сынга алгандан соң ачыкталды. Парламенттеги башкаруучу фракция Айыл чарба министрлигинин жетекчилерин жумуштан кетүүгө чакырды. Анткени тармакта алгылыктуу иштер жасалган жок, дешет депутаттар. Бүгүнкү күнү бул мекемеде 5300 кызматкер эмгектенип, аларга жылына 1 миллиард 200 миллион сом сарпталат. Бирок ишинен майнап аз болуп жатканы көптөн бери эле айтылып келет.