Айыл-чарба министрлигинин кызматкери мекеме менен соттошот (видео)

843

Айыл-чарба министрлиги тармактагы ийгилиги менен эмес кезектеги жаңжалы менен коомчулуктун көңүлүн бурду. Мекеменин мурдагы кызматкери Бакытбек Мамытканов ээлеген кызматынан мыйзамсыз бошотулганын билдирип чыкты.

Анын айтымында, министр Эркинбек Чодуев жумушка алып жаткан учурда эле өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жаздырып алган. Эми ошол документтин негизинде жумуштан айдаган. Бул көрүнүшкө макул болбогон Бакытбек Мамытканов министрлик менен соттошконго даярданып жатыптыр.