Айыл өкмөт башчылары жаңы унаалуу болушабы? (видео)

1020

Район акимдери менен кошо айыл өкмөт башчылары дагы жаңы унаалуу болуп калышы мүмкүн. Бул жаатта учурда министрлер кабинетинде план иштелип чыгып жатыптыр. Ага ылайык, машинага муктаж болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн эсеби такталууда. Адистердин айтымында, айыл өкмөттөрдүн автопаркы акыркы жолу 15 жыл мурда жаңыланган.

Алардын көпчүлүгүн эскилиги жеткендиктен, жылына оңдоп түзөөгө деп ар бирине эле 50 миң сомдон которулуп турат экен. Ошол эле учурда айыл башчылардын өздүк машинасын кызматтык унаа катары колдонушун мыйзамдаштыруу керек дегендер дагы жок эмес.