Айылдарда банкоматтын жоктугунан кыйналгандар (видео)

807

Алыскы аймактарда жашагандардын пенсия, айлык маяна алуусун жеңилдетүү үчүн банкоматтар менен камсыздоо керек. Бүгүнкүгө чейин айыл өкмөттөрүндө мындай банк жабдуулары орнотула элек. Бул маселени чечүү үчүн өкмөт жаңы мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Ага ылайык, банктар — банкомат, терминал сыяктуу жабдууларды ташып келүүдө кошумча нарк салыгынан бошотулат. Документте жеңилдетилген мөөнөт — 2022-жылга чейин деп белгиленген. Бирок бул документ бүгүн парламентте кызуу талкууну жаратты. Көпчүлүк депутаттар, банктар кошумча нарк салыгынан бошотулса, өлкө бюджети 5 жылда 145 миллион сомдон куру каларын айтып чыгышты.