Айылдык кеңештин депутаттарына — 1000 сом күрөө (видео)

2475

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого катыша турган талапкерлер 1-мартка чейин документтерин тапшырышы керек. Ошондой эле, алар тарабынан төгүлө турган күрөөнүн өлчөмү аныкталды. Бишкек жана Ош шаарларына депутат болгусу келгендерге 50 миң сом керек болсо, башка калаалар үчүн бул сумма 20 миңди түзөт.

Ал эми айылдык кеңештерге бара тургандар 1000 сом күрөө төгүшү керек. Дал ушул жобо жаңыдан киргизилип жатканы белгил болду. Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттык орундар үчүн 20дан ашуун саясий партия ат салышат деп күтүлүүдө.