Айымдос Бозжигитов кыргыз-казак мамилелеринин абалы жөнүндө маалымдады

867

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15 пайызга өстү. Бул тууралуу журналисттер менен жолугушуу учурунда Казакстандын биздин өлкөдөгү элчиси Айымдос Бозжигитов кабарлады.

Кошуна мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушууну, өткөн жылдардагыдай эле 16-декабрда белгиленүүчү Казакстан Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурган.

Эки өлкөнүн алакаларынын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу айтып жатып, Казакстандын элчиси кызматташуунун эң артыкчылыктуу форматы Евразия биримдигинин алкагындагы мамилелерди өнүктүрүү экенин белгилеп өттү.