Айып пул каттарга элдин реакциясы кандай? (видео)

592

3 күн ичинде жол эрежесин бузган 4,5 миңден ашуун айдоочуга айып салынды. Электрондук кол коюлган каттар унаа ээлеринин дарегине жибериле баштады. Билдирмени почта кызматкерлери бир жуманын ичинде жеткирет. Ал ортодо, маалымдама колуна тийген айдоочулар кагаздын сапаты боюнча нараазычылыгын билдиришүүдө.

Каттар түстүү боек менен эмес, ак-кара түстө жазылгандыктан, жол эрежесин бузган учурлар так көрүнбөй калган дегендер да чыкты. Айдоочуларда суроолор жаралса же токтом менен макул болбосо, мониторинг борборуна кайрылганы оң.