Айып пулдан түшкөн акчаны кымырып алган судья (видео)

1377

Айып пулдан түшкөн акчаны кымырып алды деп шектелген кезектеги судьяга кылмыш иши козголду. Октябрь райондук сотунун судьясы Авчи Алиев кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп күнөөлөнүп жатат. Башкы прокуратура берген маалымат боюнча, жол эрежесин бузган айдоочулар төлөгөн штраф бюджетке түшпөй, судьянын чөнтөгүнө кеткен.

Былтыр эле ушул фемида өкүлү Авчи Алиевдин жардамчысы Дүйшөн Алмас уулу алдамчылык боюнча айыпталып, камакка алынган. Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Октябрь райондук сотунун кызматкерлери мас абалында кармалган айдоочулардан түшкөн штрафты кымырып жүргөнүн аныктаган.