Айып пулдун өлчөмү адилеттүүбү? (видео)

1100

Өлкөдө жол эрежесин бузгандар үчүн айып пулдун көбөйүшү боюнча талкуу токтобой жатат. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары майда жол эрежелерин бузган айдоочулар акчалай айыптарын создуктурбай төлөшсө, аларга жеңилдиктерди берүү зарыл деп айтып чыгышты. Ал эми өкмөт — Бузуулар кодексинде мүчүлүштүктөр бар экенин мойнуна алып, жаңы мыйзамга бир нече өзгөртүүлөрдү киргизгени жатыптыр.

Документ жакынкы арада парламенттин тармактык комитетинде каралышы күтүлүп жатат. Эске салсак, жыл башынан тарта жол эрежелерин бузгандарга карата айыптын өлчөмү бир нече эсеге жогорулап, мындай чара талаш-тартыш жаратты. Акчалай айыптардын жогорулашы — инспекторлор алган «паралардын тарифин» гана көбөйтөт, деп айткандар да арбын.