Айыптан түшкөн акчадан судья 630 миң сомду кымырып алды деп шектелүүдө

903

Айып пулдан түшкөн акчаны кымырып алды деп шектелген кезектеги судьяга кылмыш иши козголду. Октябрь райондук сотунун судьясы Авчи Алиев кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп күнөөлөнүп жатат. Башкы прокуратура берген маалымат боюнча, жол эрежесин бузган айдоочулар төлөгөн штраф бюджетке түшпөй, 630 миң сом судьянын чөнтөгүнө кеткен.

Былтыр эле фемида өкүлү Авчи Алиевдин жардамчысы Дүйшөн Алмас уулу алдамчылык боюнча айыпталып, камакка алынган. Бирок ушул жылдын январь айында ал соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Октябрь райондук сотунун кызматкерлери мас абалында кармалган айдоочулардан түшкөн штрафты кымырып жүргөнүн аныктаган.

Фемида өкүлдөрү отурум өткөрбөй туруп эле айдоочуларды административдик айыпка жыгуу боюнча чечим чыгарып келишкен. Былтыр Октябрь райондук сотунун мурдагы төрагасы Эрнис Чоткараевге кылмыш иши козголуп, бирок ал өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон. Ал административдик мыйзам бузуу боюнча 1 миң 350 материалды жок кылганы айтылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.