Айыптоочулар Аида Салянованы 8 жылга эркинен ажыратууну суранууда

982

Мамлекеттик айыптоочулар Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованы 8 жылга эркинен ажыратуу өтүнүчүн келтирди. Бүгүн Ленин райондук сотунда жараян уланып, анда жарыш сөзгө прокурор чыкты. Ал судьядан Салянованы 8 жылга кесип, үй-мүлкүн конфискациялоону суранды.

Аида Салянова кызмат абалын кыянатттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Ал юстиция министри болуп турганда Максим Бакиевдин жакын адамы Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деп күнөөлөнүп жатат.

Салянова өзү баары мыйзам чегинде болгонун айтып келет.