Ак-Бууранын жээгиндеги жер тилкелери мыйзамсыз берилген (видео)

2234

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги өзгөчө кайтаруудагы жерлер кандай жолдор менен жеке тараптарга өтүп кеткен? Бул боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Суу бойлой жайгашкан 2 миң чарчы метрден ашуун жер менчикке жана ижарага мыйзамсыз берилген. Ал эми Жер кодексине ылайык, суу фондунун жерлери жеке жактарга убактылуу пайдаланууга гана берилиши мүмкүн, деп көрсөтүлгөн. Бирок ал тилкелерге бизнес обьектилерин курууга тыюу салынган. Суу коругуна кирген аймактардын жери сатылып кетиши боюнча Ош шаардык мэриясынын, Мамлекеттик каттоо башкармалыгынын жана Ош шаарынын архитектурасынын айрым адистерине карата кылмыш иши козголду.