Ак илбирстин терисин жамынып сүрөткө түшкөн адам изделүүдө

882

Ак илбирстин терисин жамынып сүрөткө түшкөн адамды табууну өтүнүп, курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги милицияга кайрылды.

Маалыматтарга караганда, мекемеге телефон чалган адам — кызыл китепке киргизилип, атууга тыюу салынган жандыктын териси менен сүрөткө түшкөн жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.

Мамлекеттик мекеме өз кезегинде, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин атына расмий кат менен кайрылып, ал адамды табууга жардам сурады. Анын өздүгү такталгандан кийин, ага карата тиешелүү чара көрүлөт.

Эске салсак, ак илбирсти аткандарга 1,5 миллион айып салынып, 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.