“Ак-Жол” жана “Кордай” өткөрмө бекеттери кайра ачылды (видео)

2261

Бир жыл мурда капиталдык оңдоого жабылган “Ак-Жол” чек ара посту иштей баштады. Анын ачылыш аземине Кыргызстан менен Казакстандын премьер-министрлери катышты. Өткөрүү бекетин оңдоого 305 миллион сом коротулган.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, ремонттон кийин тейлөө сапаты жакшыртылып, өткөрүү ылдамдыгы 3 эсе жогорулаган. Буга чейин “Ак-Жол” чек ара бекети аркылуу күнүнө 10 миң адам кирип-чыкса, мындан ары 35 миң адамды тейлөөгө шарт түзүлдү.