Ак калпак жасоо өнөрү ардактуу тизмеде (видео)

1251

«Кыргыздардын ак калпагын жасоо өнөрү жана кийүү маданияты» ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирди. Тиешелүү комитеттин отуруму Колумбиянын Богота шаарында өткөн.
Буга чейин аталган ардактуу тизмеге «Манас, Семетей, Сейтек» эпикалык үчилтиги, кыргыз-казак элине орток болгон «Айтыш» өнөрү, ала кийиз менен шырдак, Кыргызстан менен Казакстандын атынан боз үй даярдоо боюнча салттуу билим жана ыкмалары, катырма-жупка, Нооруз майрамы жана көк-бөрү оюну кирген болчу.