Ак калпакты чет өлкөдөн импорттоого тыюу салынат

1025

Маданият министрлиги улуттук баш кийимге өзгөчө статус беруу тууралуу мыйзам долбоорун коомчулуктун талкуусуна койду. Документтин максаты — улуттук каада салтты колдоп, өнүктүрүү жана өсүп келе жаткан муунга кеңири жайылтуу.

Акыркы убакта калпакка карата терс мамиле жасалган учурлар катталууда. Мындан тышкары, ишкерлер кошуна өлкөдө сапатсыз материалдан даярдалган баш кийимдерди импорттоп, калпактын кадыр баркын түшүрүп жатканы айтылат. Андыктан Кыргызстанга сыртта тигилген калпактарды алып келүүгө тыюу салуу сунушталууда.

Жакында эле парламентте да улуттук баш кийимге байланыштуу демилге көтөрүлгөн. Депутаттар мамлекеттик кызматкерлердин баарын калпак кийип жүрүүгө мыйзам менен милдеттендирүү керектигин айтышкан.