«Ак-Кула» ат майдан жаңыланат (видео)

5892

Бишкектеги «Ак-Кула» ат майданын жаңылоо боюнча жарыяланган сынак жыйынтыкталды. 6 адам иштеп чыккан долбоор жеңүүчү деп табылды. Бирок мэрия ипподромду реконструкциялоого качан кирише турганы белгисиз. Себеби маселе жараткан жагдайлар арбын.

Ошол эле, «Ак-Кула» ат майданынын аймагындагы 1 гектарга жакын жерге 15тен ашуун турак-жай курулуп калган. Учурда ал үйлөрдү түрттүрүү боюнча соттук процесс жүрүп жатат.