«Ак-Кула» ат майданында танкка каршы коюлуучу мина табылды

802

Бишкек шаарындагы «Ак-Кула» ат майданында танкка каршы коюлуучу мина табылды. Улуттук коопсуздук комитети билдиргендей, кечээ кечки саат сегизде милициянын нөөмөт бөлүмүнө ипподромдо шектүү буюм табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге дароо адистер барып, танкка каршы коюлуучу минаны аныкташкан.

Табылган жардыруучу каражат жараксыз абалда, дат баскан жана жардыруучу элементтери жок болгон. Адистер аны атайын полигонго алып барып, жок кылышты. Бул боюнча учурда ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, согуштук ок-дары Бишкектин ипподромуна кандайча келип калганы териштирилип жатат.