“Ак куу көлү”: Сахнага чыгуудан баш тарткан артисттер (видео)

2837

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрындагы чырды иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү. Бул туралуу тиешелүү министрликтен билдиришти. Балет искусствосунун өкүлдөрү, юристтер, аудиторлор кирген комиссия 10 күн ичинде окуя боюнча эки тараптуу иликтөө жүргүзүп, театрдын жетекчилигине сунуш жибериши зарыл.

Эске салсак, 6-мартта театрда «Ак куу көлү» спектаклин көрүүчүлөргө коёр алдында чыр чыгып, артисттер сахнага чыгуудан баш тартышкан. Анда бийчилер, коммерциялык долбоорлордон кошумча акча албай турганын айтып чыгышса, жетекчилик бул нерсе эмгек келишиминде көрсөтүлбөгөнүн билдирүүдө.